Түркиянын Сириянын түндүгүндөгү күрддөргө каршы чабуулунан улам миңдеген адам үй-жайын таштап качууга мажбур болуп, ондогон адам каза тапты.
Жагдайдан улам АКШнын президенти Дональд Трамп Түркия менен күрддөрдн ортосундагы сүйлөшүүлөргө ортомчу болуп берүүгө даяр экенин билдирди.
Ал ортодо Түркия Европага анын бул операциясын айыптай турган болсо миллиондогон сириялык качкындын агымын токтотпой коёрун эскертти.
- Эй, Европа Биримдиги, эсиңе кел! Эгер силер биздин операцияны «бастырып кирүү» деп атай турган болсоңор, анда биз жөн гана чек араны ачып коёбуз да, силерди көздөй 3,6 миллион качкынды жолго салабыз, - деди түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган.
Анкара чек арага жакын жердеги сириялык күрддөрдү бутага алган «Тынчтыктын булагы» аттуу аскердик операциясын 9-октябрда баштаган. Түркиянын Коргоо министрлиги жортуул башталгандан бери абадан жана жерден 181 сокку урулганын маалымдады.
Кечээ 10-октябрда Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини Түркиядан бир тараптуу аскердик операциясын токтотууну талап кылган. (RK)