Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:09

Ашхабадда КМШ лидерлеринин саммити өтөт


Сооронбай Жээнбеков. Архивдик сүрөт.
Сооронбай Жээнбеков. Архивдик сүрөт.

Бүгүн, 11-октябрда Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында Көз каранды эмес Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын кезектеги саммити өтөт. Президент Сооронбай Жээнбеков бул жыйынга катышуу үчүн Ашхабадга бүгүн учуп кеткенин анын басма сөз кызматы кабарлады.

Саммитте кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде Стратегиялык экономикалык кызматташуу декларациясынын долбоору талкууланат. Ошондой эле бир катар эки тараптуу жолугушуулар өтөрү пландалууда.

КМШ уюму мурдагы СССР урагандан кийин түзүлгөн. Бүгүнкү күндө анын курамына Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан кирет. Түркмөнстан эркин мүчө макамына ээ. (RK)

XS
SM
MD
LG