Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:10

Раимжанов: Батукаевдин ишинде менин күнөөм жок


Абдухалим Раимжанов.
Абдухалим Раимжанов.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кылмыш ишинде шек саналып жаткан Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов «Азаттыкка» берген кыска комментарийинде бул иште күнөөсү жок экенин, ошондуктан тергөө менен кызматташууга кол коюудан баш тартканын билдирди.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесаревдин бүгүн журналисттерге берген маалыматы боюнча, Батукаевге байланышкан кылмыш ишинин алкагында төрт адам айыпталуучу катары өтүүдө. Алар: мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов.

Слесарев калган 14 адам тергөө менен кызматташууга кол койгону үчүн алардын макамы башка экенин билдирди.

Тергөө менен кызматташууга баргандардын арасында мурдагы башкы прокурорлор Аида Салянова, мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, экс-вице-премьер-министр Шамил Атаханов, ошол учурдагы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) башчысы, депутат Зарылбек Рысалиев, Батукаевди бошотуу жөнүндө чечим чыгарган судья Жапар Эрматов жана бир катар дарыгерлер бар.

Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин соттук процесске келүүдөн баш тартканына байланыштуу, иш боюнча алгачкы соттук угууну 14-октябрга жылдырды.

Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги (ИИМ) быйыл бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген. (BkA/BTo)

XS
SM
MD
LG