Бишкекте Өзбекстандын жараны 12 жаштагы өспүрүм кызды зордуктоого шек саналып кармалды. Ички иштер министрлигинин сайтындагы маалымат боюнча, 5-октябрда «102» кызматына жашы жете элек өспүрүм кыздын зордукталгандыгы тууралуу телефон аркылуу кабар түшкөн.
Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери 5-октябрь күнү, болжол менен 25-30 жаштардагы азиат улутундагы белгисиз адам Бишкек шаарынын Шопоков көчөсүнөн өспүрүм кызды зордуктаганын аныкташкан.
Аталган факты Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө Жазык кодексинин 161-беренесинин 4-бөлүмү («Зордуктоо») менен катталган.
Жогорудагы кылмыш үчүн шектүү катары 10-октябрда Өзбекстандын 34 жаштагы жараны (А.Ш.) кармалган. Ал буга чейин Бишкектин аймагында курулуштардын биринде убактылуу иштеп келген. Мурда Өзбекстандын Жазык кодексинин «Бейбаштык» беренеси боюнча соттолгон. Милиция ал күнөөсүн толугу менен моюнуна алганын билдирди.
Азыркы учурда анын башка да кылмыштарга тиешеси бар-жогу териштирилип жатат. (BTo)