Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:09

Кыргыз-тажик президенттери чек ара маселесин талкуулашты

Сооронбай Жээнбеков жана Эмомали Рахмон.
Сооронбай Жээнбеков жана Эмомали Рахмон.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бүгүн, 11-октябрда Ашхабад шаарында жолугушту.

Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы кабарлагандай, жолугушууда эки өлкөнүн башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитация жана демаркациялоо процессин тездетүү маанилүү экенин белгилешти.

Кыргыз-тажик президенттери быйыл 26-июлда Тажикстандын Исфара шаарында, андан кийин 27-28-июлда Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарында сүйлөшүү жүргүзүшкөн. Анда Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон чек арага байланыштуу мунасага келгени кабарланган.

16-сентябрда кечке маал Баткен облусундагы Лейлек районуна караштуу Максат айылына жакын жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда атышуу болгон. Анын кесепетинен кыргызстандык чек арачы Равшан Муминов курман болуп, 13 адам жаракат алган. Ал эми Тажикстан кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан үч чек арачысы каза болгонун кабарлаган.

Ушундай кийин эки тараптын мамлекеттик комиссияларынын ортосунда чек арадагы такталбаган тилкелер боюнча сүйлөшүүлөр жанданган. (BTo)

XS
SM
MD
LG