Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:13

Мумбаи чабуулуна байланыштуу төрт киши кармалды


"Жамаат-уд-Дава" уюмунун башчысы Хафиз Саид. Кашмир, 3-февраль, 2016-жыл.
"Жамаат-уд-Дава" уюмунун башчысы Хафиз Саид. Кашмир, 3-февраль, 2016-жыл.

10-октябрда Пакистан бийлиги Мумбаиде болгон чабулдун артында турган деп шектелген Хафиз Саиддин 4 өнөктөшүн кармады. Алар терроризмди каржылаган деп күнөөлөнүп жатышат. Саид өзү ушундай эле айыптардын негизинде июль айынан бери камакта кармалып келатат.

АКШ аны террорчулардын тизмесине киргизген.

Вашингтон жана Улуттар Уюму Исламабаддан согушкер топторду каржылоону токтотууну талап кылып келатат.

Саиддин төрт жардамчысы 11-октябрда сотко алынып келерин буга чейин жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлашкан.

АКШ менен Индия бийликтери Саид Мумбаидеги кол салууну пландоого көмөктөшкөн деп айыпташууда. 2008-жылы 10 куралчан адам шаардагы эки кымбат мейманканага, жөөтөрдүн борборуна жана темир жол станциясына чабуул коюшкан. Бир нече күнгө созулган атышууда 166 киши өлгөн.

Расмий Дели Пакистан "Жамаат-уд-Дава" кайрымдулук уюмунун башчысы Саидди кол салууну уюштурууга жардам берген деп айыптаган. Вашингтон ал уюмду Пакистанда жайгашкан тыюу салынган "Лашкар-и Тайба" согушкер тобунун алдынкы канаты деп санайт.

Исламабад менен "Жамаат-уд-Дава" Мумбаи терактына эч кандай тиешеси жоктугун ырастап келатышат.
Эмки жумада Парижде жайгашкан эл аралык уюм Пакистандын террорчулукту каржылаган топторду ооздуктоого, арам акчаны адалдоого каршы жасай турган аракеттери менен таанышмакчы.

XS
SM
MD
LG