Иранда миңдеген аял дээрлик 40 жылдан бери биринчи жолу Тегеранда футбол матчын стадиондон көрө алды. Ирандын улуттук командасы бейшембиде дүйнө чемпионатына иргеп алуучу беттештердин алкагында Камбожанын курама командасы менен ойногон.
1979-жылкы Ислам революциясынан көп өтпөй өлкөдө аялдарга стадиондорго барып эркектердин спорт мелдештерин көрүүгө тыюу салынган.
Аял-ышкыбоздор 10-октябрдагы матчка 3 жарым миң билет сатып алышкан. Алар атайын бөлүнгөн орундарда отурушту жана полициянын аял-кызматкерлери көз салып турушту.
«Amnesty International» укук коргоо уюму бийликтин уруксатын реклама деп сыпаттады. Себеби 80 миң кишилик стадиондон аялдарга чектелүү гана орун берилген.
Өткөн айда Сахара Ходаяри аттуу футбол фанаты стадионго эркектин кийимин кийип кирүүгө аракет кылганда кармалып, сот жообуна тартылганда өзүн өрттөп, көз жумган. Бул окуядан соң Футбол боюнча эл аралык федерация (ФИФА) Ирандан аялдарга стадионго кирүүгө уруксат берүүнү талап кылган.
Бейшемби күнкү матчты Иран 14-0 эсебинде жеңди.