Өзбекстан Ирактан 64 баланы кайтарды. Бул тууралуу Өзбекстандын АКШдагы элчиси Явлон Вахапов билдирди. Анын айтымында, балдардын арасында эки ымыркай бар. Наристелердин көбүнүн ата-энелери Ирак менен Сирияга «Ислам мамлекети» экстремисттик тобуна жана башка радикал уюмдарга кошулуш үчүн кетишкен.
Террордук топ жеңилгенден кийин алардын көбү курман болушкан же түрмөгө кесилген. Вахапов балдарды кайтаруу операциясын Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев өзү жетектегенин кошумчалады.
2019-жылдын май айында Ташкент Жакынкы Чыгыштагы согуш талааларынан 156 жаранын кайтарган. Жарандарын алып келүү операциясын Казакстан жана Тажикстан да жүргүзүшкөн. Нур-Султан «Жусан» операциясынын негизинде быйыл мекенине 516 адамды кайтарган, алардын 360сы балдар. Кайтып келгендердин айрымдарына кылмыш иши козголгон.
Кыргыз өкмөтү тараткан маалыматка караганда, Сириядагы качкындар лагеринде кармалып жаткан кыргыз жарандары менен жолугуп, дайынын билиш үчүн эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөр Кыргызстандын Түркиядагы дипломатиялык корпусу аркылуу жүрүп жатат. Сирия менен Ирактагы кыргызстандыктарды кайтарып келиш үчүн өкмөттө вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баштаган жумуш тобу түзүлгөн.