Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:08

Саратовдо аламан топко каршы полиция газ колдонду


Лиза Королеваны табууга жардам берүүгө үндөгөн баракча. Саратов, 10-октябрь, 2019-жыл.
Лиза Королеваны табууга жардам берүүгө үндөгөн баракча. Саратов, 10-октябрь, 2019-жыл.

Орусиянын Саратов шаарында полиция нааразылык акциясынын катышуучуларына каршы жаш агызчу газ колдонду. Чогулгандар 9 жашар мектеп окуучусун өлтүргөн деп шек саналган адамды алардын колуна берүүнү талап кылышкан.

11-октябрда Елизавета Киселеванын өлүгү табылган жерде тергөө эксперименти өткөрүлүп жаткан маалда жергиликтүү тургундардын тобу шектүүнү өткөрүп берүүнү талап кылып тартип сакчыларынын машинесине кол салышкан.

Айрым маалыматтарга караганда, шаардын райондук бөлүмдөрү чукул даярдыкка келтирилди. Митинг өткөн жерге ОМОНдун кызматкерлери келишти. Шаардыктардын дагы бир тобу райондук полициянын жанына чогулган. Алар жолду тосуп, мекеменин жетекчиси менен жолугушууну талап кылышты. Саратов полициясынын башчысы аларды тынч болууга чакырды.

Лиза Киселева 9-октябрда мектепке баратып дайынсыз жоголгон. Аны издөөгө Саратовдун миңдеген тургуну катышкан. Эки күндөн кийин кыздын өлүгү табылган.

Тергөөчүлөр кылмышка шектүү катары 1984-жылы туулган бир киши кармалганын кабарлашты.

XS
SM
MD
LG