Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:15

Нобел тынчтык сыйлыгы Эфиопиянын премьери Ахмедге ыйгарылды


Эфиопиянын өкмөт башчысы Абий Ахмед. 15-сентябрь, 2019-жыл.
Эфиопиянын өкмөт башчысы Абий Ахмед. 15-сентябрь, 2019-жыл.

Нобел тынчтык сыйлыгы Эфиопиянын премьер-министри Абий Ахмедге ыйгарылды. Ал бул сыйлыкка коңшу Эритрея менен 20 жылдан берки куралдуу кармашты токтотууга салым кошкону үчүн татыды.

Сыйлыктын быйылкы лауреатын Ослодогу Нобел институту жарыялады. Комитеттин төрайымы Берит Райс-Андерсен Абий Ахмед көп жылдардан бери касташып келе жаткан Эфиопия менен Эритреянын ортосунда тынчтык орнотууга салым кошкону үчүн берилгенин айтты.

1998-2000-жылдары Эфиопия менен Эритреянын ортосунда чек ара маселесинен улам куралдуу чатак чыккан. Андан бери эки өлкө ортосундагы чыңалуу сакталып келген.

42 жаштагы Ахмед 2018-жылдын апрель айында бийликке келгенден кийин саясий туткундарды бошотуп, Эритреянын лидери Афеверки Исайяс менен чек ара чатактарын жөнгө салууну көздөгөн тынчтык келишимине жетишкен.

Ошондой эле дүйнө коомчулугу Эфиопиянын премьер-министрин аялдардын укугун алга сүрөгөнү үчүн кубаттап келет. Ахмед өз өкмөтүндөгү 20 министрлик орундун жарымына аял адистерди алып келген.

Сыйлык 9 миллион швед кронасын же 908 миң АКШ долларды түзөт. Былтыр бул сыйлык «Ислам мамлекети» террордук тобунун зордук-зомбулугун дүйнөгө айтып чыккан ирактык йезид кыз Надия Мурадга жана Конго согушунда жыныстык ыдык көргөн кыз-келиндерге жардам көрсөткөнү үчүн конголук гинеколог Денис Муквеге ыйгарылган.

XS
SM
MD
LG