Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:11

Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү «Казак» кармалды


Кылмышка шектүү жаран.
Кылмышка шектүү жаран.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматы Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын тизмесинде «уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү» катары каттоодо турган, «Казак» аттуу каймана аты бар М.У. аттуу жаранды (мурдагы аты К.Э.) кармады.

Шаардык милициянын басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылгандай, ал 9-октябрь күнү Ош шаарынын «Скай-бар» түнкү эс алуу борборунда Ош шаарынын тургуну менен чырдаша кетип, миздүү нерсе менен желкеге жана оң каруусуна сайып, качып кеткен.

Кылмышка шектүү (М.У.) 10-октябрда кармалып, Ош шаардык ички иштер башкармалыгына алынып келинген. Жазык процессуалдык кодексине ылайык, 48 саатка кармоо чечими чыгарылган.

Бирок, сурак учурунда өзүн начар сезгендигине байланыштуу адвокаты тарабынан «Тез жардам» чакырылып, Ош шаарындагы ооруканалардын бирине жаткырылган. Шектүүнү милиция кызматкерлери кайтарууга алды. (BTo)

XS
SM
MD
LG