Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:48

Алматыда Кытай таануучу илимпоз мамлекеттик чыккынчылык үчүн кесилди


Константин Сыроежкин. (Сүрөт kisi.kz сайтынан алынган).
Константин Сыроежкин. (Сүрөт kisi.kz сайтынан алынган).

Алматы шаарынын соту Кытай таануучу, илимпоз Константин Сыроежкинди мамлекеттик чыккынчылык үчүн 10 жылга түрмөгө кести. Бул тууралуу бейшембиде Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети билдирди. Маалыматка ылайык, өкүм 7-октябрда чыккан.

Комитет билдиргендей, Казакстандын жараны, 63 жаштагы Сыроежкин быйыл февраль айында мамлекеттик купуя маалыматтардын ачыкка чыгып кеткенине байланыштуу иштин алкагында кармалган.

Окумуштуунун кармалганы тууралуу маалымат каражаттары биринчи жолу май айында жазып чыгышкан. Кийин жергиликтүү медиа кооспуздук комитетине шилтеме кылып, Сыроежкин мамлекетке чыккынчылык кылган деген шек менен 19-февралдан бери камакта отурганын кабарлашкан. Бирок анын иши боюнча расмий түшүндүрмө берилген эмес.

Америкалык Wall Street Journal (WSJ) басылмасы 10-июлдагы макаласында өз булагына таянып “Сыроежкин, сыягы Кытайга жашыруун маалыматтарды өткөрүп берип, ал үчүн акча алып турган” деп жазган. Гезит белгилегендей, кытай бийлиги окумуштуунун ишин “жок жерден ойлоп табылган кабар” деп мүнөздөгөн.

WSJ ошондой эле Сыроежкин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев премьер кезинде анын кеңешчиси болуп иштегенине көңүл бурган.

Алматы шаарында туулган Сыроежкин СССР КГБсинин Жогорку мектебин аяктаган, Кытай боюнча эң алдыңкы адистердин бири болуп эсептелчү. Орус, англис жана кытай тилдеринде чыккан миңден ашуун макалалардын автору.

2006-жылдан бери Казакстандын президентинин алдындагы Стратегиялык изилдөөлөр институтунда илимий улук кызматкер болчу.

XS
SM
MD
LG