Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:45

Быйыл республикалык бюджеттен 315 чакырым жол салынып же оңдолду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

150 чакырым узундуктагы Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад альтернативалуу жолунун биринчи фазасы боюнча иш 75%, экинчи фазасы 99 чакырым аралык 79% аяктады. Долбоордун экинчи фазасы - 140 чакырым 2022-жылы бүтөт.

Жергиликтүү маанидеги ички райондук жолдордун 134 чакырымында курулуш жана калыбына келтирүү иштери соңуна чыкты. Буга республикалык бюджеттен 600 млн. сом бөлүнгөн.

Быйыл жалпысынан республикалык бюджеттен 315 км жол салынып жана оңдолду. Өткөн жылга караганда бул 114 чакырымга көп.

Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев автоунаа жолдорун куруу долбоорлорун ишке ашыруу боюнча өткөргөн кеңешмеде белгилүү болду.

Кеңешмеде Ош – Баткен – Исфана жолунун Көк-Талаа – Караван участогунда, Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун Долон – Кызыл-Бел участогунда реабилитациялоонун, Тараз – Талас – Суусамыр жолунун реабилитациялоо IV фазасын ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.

Мындан тышкары Ысык-Көл транспорттук шакекчесин, Талас – Тараз – Суусамыр автоунаа жолун, Бишкектин түндүк четиндеги айланма трассаны куруу жана реабилитациялоо үчүн эл аралык финансы институттары менен жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү тууралуу сөз болду. (BTo)

XS
SM
MD
LG