Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:36

Иран мунай танкери «чабуулга» туш болгонун билдирди


Ирандын мамлекеттик телеканалы «Сабити» танкери деп чыгарган сүрөт. 10-октябрь, 2019-жыл.
Ирандын мамлекеттик телеканалы «Сабити» танкери деп чыгарган сүрөт. 10-октябрь, 2019-жыл.

Ирандын Тышкы иштер министрлиги өлкөгө караштуу танкер Кызыл деңизде чабуулга туш болуп жабыркаганын билдирди.

- Чабуулдун артында тургандар бул кооптуу окуянын кесепеттери, анын ичинде айлана-чөйрөнүн булганышы үчүн жооптуу, - деди министрликтин басма сөз катчысы Аббас Мусави 11-октябрда.

Анын айтымында, жарым саатта кемеге эки сокку урулган окуя иликтенип жатат.

Жарылуулар тууралуу кабарды көз карандысыз булактар ырастай элек.

Буга чейин Ирандын Улуттук мунай компаниясы 1 миллион баррель кара май ташып бараткан «Сабити» деген танкерге Сауд Арабиясынын жээгине жакын жерде эки ракета тийгенин, экипаж жабыркабаганын, өрт чыкпаганын жана танкер жалпысынан зыянга учурабаганын маалымдаган.

Ирандын ИРНА агенттиги мунайдын деңизге төгүлүшү токтотулганын, кырдаал көзөмөлгө алынганын кабарлады.

Окуя тууралуу Саудиянын бийлиги билдирүү жасай элек. Буга чейин Ирандын маалымат агенттиктери жарылуудан кийин кемени өрт чалганын кабарлашкан.

АКШ аскер деңизинин Бахрейнде жайгашкан 5-бөлүгүнүн басма сөз катчысы бийлик окуядан кабардар экенин айтып, бирок кеңири комментарий берүүдөн баш тартты.

14-сентябрда Саудиянын эң ири мунай ишканасына ракета жана дрондон чабуул коюлган. Сокку үчүн жоопкерчиликти Йемендеги Иран колдогон хусит козголоңчулары өзүнө алган.

Бирок Саудия, АКШ жана Батыш Европа чабуулдун артында Тегеран турат деп айыпташкан.

Ислам жумурияты болсо дооматтарды четке каккан.

АКШ былтыр эл аралык өзөктүк келишимден чыгып кеткенден кийин Тегеран менен Вашингтон тирешип келет.

XS
SM
MD
LG