Британиянын Манчестер шаарында белгисиз адам соода борборунда бычак менен кол салганда беш киши жараат алды.
Полиция ал киши кармалганын билдирди. Анын аты-жөнү жана кол салуунун себеби азырынча белгисиз. Кылмышты терроримзге каршы күрөшүү бөлүмү иликтеп жатат. Соода борборундагы адамдар эвкуацияланды. 2017-жылы Манчестерде концерт маалында болгон теракт 22 кишинин өмүрүн кыйган.