АКШнын Коргоо министрлиги Сириянын аймагында операция жүргүзүп жаткан Анкарага кысымды күчөттү.
11-октябрда Пентагондун башчысы Марк Эспер түрк коргоо министри Халуси Акарга жортуул “Ислам мамлекети” террордук уюмуна каршы күрөштөгү жетишкендиктерге залакасын тийгизиши мүмкүн деп эскертти.
Түрк аскерлери Сириянын ичкери аймагына жылган сайын күрд жайкын тургундары жер которуп, качкындардын саны көбөйдү. Британияда жайгашкан Сирия Обсерваториясы уюму Тел Абияд шаарында жана анын айланасында аба соккуларынан жана снайперлердин огунан дагы жети киши өлгөнүн, 9-октябрдан бери 17 киши каза тапканын маалымдады.
Уюмдун маалыматы боюнча күрддөр “Сириянын демократиялык күчтөрүнүн” 29 жоокери жана Түркия тараптагы сириялык бөлүктөрдүн 17 аскери каза тапты.
Расмий Анкара бир аскери окко учканын, үчөө жараат алып, карапайым беш киши өлгөнүн, маркумдар арасында бир ымыркай барын билдирди.
Жума күнү Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар 342 террорчу жок кылынганын билдирди.
Эл аралык коомчулук Анкарага кысым көргөзүп, жортуулун токтотууну талап кылууда.
Бейшембиде Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши Сириянын түндүгүндөгү соңку жагдайды жабык талкуулады, бирок кандайдыр бир чечим кабыл алынган жок. Анкараны айыптаган резолюцияга АКШ менен Орусия каршы чыкты.
Ал эми Европа Биримдиги эмки жумадагы саммитте Түркияга санкция салуу маселесин карайт. Бул тууралуу Франциянын министри Амели де Моншален 11-октябрда билдирди.
Анкара чек арага жакын жердеги сириялык күрддөрдү бутага алган «Тынчтык булагы» аттуу аскердик операциясын 9-октябрда баштаган.
Түрк бийлиги операция сириялык качкындарды жайгаштыруу үчүн "коопсуз тилке" түзүүнү, ал жакты күрд согушкерлеринен тазалоону көздөрүн айтып келет. Анкара аларды террорчу деп эсептейт.
Түркияда ушу тапта сириялык 3,5 миллиондой качкын баш калкалайт.
АКШ президенти Дональд Трамп Түркиянын операциясын утурлай америкалык аскерлерди ал аймактан чыгаруу буйругун берген.
“Сириянын демократиялык күчтөрүнүн” басымдуу бөлүгүн түзгөн күрд кошуундары “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы күрөштө Кошмо Штаттардын өнөктөшү болчу.
Сириядагы жарандык согуш 2011-жылдын мартында башталып, 400 миңдей кишинин өмүрүн алып кетти.