Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:17

Тайфундан улам Токионун башкы аэропорту ишин убактылуу токтотту


Токио. Иллюстрациялык сүрөт.
Токио. Иллюстрациялык сүрөт.

Жапониянын борбору Токионун “Ханэда” эл аралык аэропорту "Хагибис" тайфунуна байланыштуу толугу бойдон ишин убактылуу токтотту. Бул тууралуу Мамлекеттик жер, инфраструктура, транспорт жана туризм министрлиги кабарлады.

Тайфун шаарга жакындап калгандыктан ички да тышкы да каттамдар токтоду.

"Хагибис" тайфунун жергиликтүү метеорологдор 1958-жылы 1200гө жакын адамдын өмүрүн кыйган "Ида" менен салыштырып жатышат.

Ошондуктан өлкөнүн борбордук бөлүгүндө жашаган 10 млн адам эвакуацияланды.

Токионун өзүндө дүкөн, ресторан жана дарыканалардын көбү да убактылуу жабылды.

Тайфун саатына 25 чакырым ылдамдык менен жылып келатат. (RK)

XS
SM
MD
LG