Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:01

Өзбекстан: Ууруну бакка байлап жазалагандар изделүүдө


Окуя тууралуу видеодон алынган сүрөт.
Окуя тууралуу видеодон алынган сүрөт.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Фергана облусунда уурулукка шектүү эки кишини өз алдынча жазалагандарды издеп жатат.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя Бешкапа деген айылда 1-октябрда болгон.

Жергиликтүү тургундардын бири үйүнө эки адам кирип, 1325 долларын уурдап жаткан жеринен көрүп калганын айткан. Кошуналарды жардамга чакырып, экөөнү тең колго түшүрүшкөн. Бири 28, экинчиси 51 жашта экени аныкталды.

Чогулган эл аларды моюнуна аркан байлап, бакка тушап койгон. Мунун баарын видеого тартып, Telegram каналы аркылуу жайылтышкан.

Башкы прокуратура өз алдынча жазалоону уюштургандардын аракетине укуктук баа берилерин билдирди.

Ал эми уурулукка шектүүлөргө карата кылмыш иши козголду. Алар күнөөсүн моюнуна алганы кабарланды. (RK)

XS
SM
MD
LG