Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:42

Москвада психотроптук зат үчүн издөөдө жүргөн кыргыз жараны кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда психотроптук зат менен кармалып, тергөөдөн качып жүргөн жаран Москва шаарынан кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 27 жаштагы кыргызстандыкка мамлекет аралык издөө 2018-жылы жарыяланган.

2016-жылы “Баңги” деген рейд учурунда андан жашыл түстөгү майдаланган зат табылган. Экспертиза бул зат психотроптук экенин жана NBA(N)-CHM деп аталарын аныктаган.

Алгач Бишкектин Свердлов райондук сотунун чечими менен аныкталган 300 миң сомдук айыппул төлөө жазасы кийин беш жылга эркинен ажыратуу деген чарага алмаштырылып, издөө жарыяланган.

Эл аралык уюмдардын билдирүүсүндө, Борбор Азиядагы Тажикстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстан аркылуу Ооганстандан жыл сайын тонналаган баңгизат Орусия менен Европа өлкөлөрүнө жеткирилет.

Бирок анын так саны тууралуу маалымат жок. Баңгизат Кыргызстан аркылуу негизинен «Түндүк транзит» деп аталган жашыруун жол аркылуу ташылып турат. Акыркы чуулгандуу окуядан кийин Кыргызстандын укук коргоо органдары транзитке каршы күрөштө чабал болуп жатат деген сынга кабылды. (RK)

XS
SM
MD
LG