Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:45

Султан Жумагуловдун элесине арналган мелдеште ЭлТР жеңүүчү болду (видео)


"ЭлТР" телеканалынын журналисттеринен түзүлгөн футболдук команда.
"ЭлТР" телеканалынын журналисттеринен түзүлгөн футболдук команда.

ЭлТР телеканалынын журналисттеринен түзүлгөн команда белгилүү журналист, коомдук ишмер, мурдагы маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагуловдун жаркын элесине арналган футбол боюнча ынтымак турниринин жеңүүчүсү болду.

Команда финалдык оюнда "Кабар" агенттигин 4:2 эсебинде жеңип алды.

Үчүнчү орунду "Жалбырак ТВ" ээледи.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн ортосунда уюшулган турнир 12-октябрда Кыргызстандын Футбол федерациясынын оюн талаасында өтүп, ага Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жана НТС, ЭлТР, "Маданият", КТРК, "Кыргыз радиосу", "Жалбырак ТВ", Би Би Си, "Азаттык", "Бешинчи канал", "Кабар", "Пирамида" каналдарынын командалары катышты.

Бүгүнкү мелдешти өткөрүүгө Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков колдоо көрсөттү.

Султан Жумагулов өмүрүн кыргыз журналистикасынын өнүгүшүнө арнап, «Ленинчил жаш», «Эркин-Тоо», «Асаба» гезиттеринде, ВВС, «Азаттык» эл аралык маалымат кызматтарында, ошондой эле ЭлТР, КТРК телеканалдарында жетекчилик кызматтарда узак жылдар бою эмгектенген.

Коомдук-саясий иштерге да жигердүү аралашып, журналист катары көптөгөн шакирттерди тарбиялаган. Өмүрүнүн акыркы жылы маданият, маалымат жана туризм министри кызматын аркалап, 2018-жылдын 8-октябрында узакка созулган оорудан улам көз жумган. (ECh/GT)

Журналисттер устатты эскеришти
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:26 0:00

XS
SM
MD
LG