Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:36

Помпео: Украинага берген жардамыбыз максаттуу колдонулганын көргүбүз келет


Майк Помпео.
Майк Помпео.

Кошмо Штаттар Украинага берген жардамы максаттуу колдонулуп жатканын көргүсү келет. Бул тууралуу журналисттердин суроосуна жооп берип жатып АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео билдирди.

- Биз администрацияга келгени башынан эле Украина боюнча ырааттуу саясат жүргүзүп жатабыз. Бизге чейинки администрация тушунда, билесиздер, Орусия Крымды басып алып, Украинанын түштүк-чыгышына кирип барган. Мунун баарын ошол кездеги президент Обама көргөн. Биз украиналыктарга коргонуу системаларын бердик, өлкөсүн коргосун деп каржылык колдоо көрсөттүк жана коррупция жок кылынсын деген талап койдук. Эгер америкалык салык төлөөчүлөрдүн ресурсун алып, Украинага дагы беребиз десек, анда биз ошол талаптар аткарылып жатканына ынанышыбыз зарыл.

АКШда президент Дональд Трампка импичмент жарыялоо маселеси көтөрүлүп жатат. Буга анын Украинанын президенти Владимир Зеленский менен телефондон сүйлөшкөнү тууралуу чалгын кызматындагы булактын маалыматы негиз болгон. Анда Трамп өзүнүн башкы саясий атаандашы Жо Байден жана анын уулу Украинада эмне кылып жүргөнүн иликтөөнү талап кылганы айтылган.

Бул сүйлөшүүнүн алдында Трамп Украинага бериле турган 400 миллион долларлык аскердик жардамды токтотуп койгону да ачыкка чыккан.

Дональд Трамп дооматтардын баарын четке кагып, аны «президентке ыдык көрсөтүү» катары мүнөздөп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG