Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:00

Жапония ири тайфундун кесепеттерин жоюуга киришти


Токиодогу дарыя.
Токиодогу дарыя.

Жапония «Хагибис» тайфуну келтирген зыяндын кесепеттерин жоюу иштерин баштады. Темир жана автомобилдик жол, аба каттамы, электр энергиясы менен жабдуу иштери үзгүлтүккө учурап, айрым жерлерди суу каптады.

ТАСС агенттигинин маалыматына караганда, кеминде 10 адам каза таап, 150 адам түрдүү жараат алганы кабарланды.

Ал эми «Киодо» агенттиги каза болгондор тогуз экенин, 11 адам дайынсыз болуп жатканын жана 90у жараат алганын жазды.

Соңку бир нече он жылдыктан берки эң катуу деп саналган «Хагибис» тайфуну Жапониянын негизги Хонсю аралын жекшембиге караган түнү каптады. Борбор шаар Токиодо бир аз бак-дарак кулагандан башка эч нерсе кыйраган жок. Убактылуу жабылган эки аэропорт жарым-жартылай иштей баштады.

Эң көп жабыркаган аймак Нагано префектурасы болуп турат.

Учурда 340 миңге жакын турак үй электр жарыгысыз отурат.

Премьер-министр Синдзо Абэ бүгүн эртең менен министрлер кабинетинин чукул жыйынын өткөрүп, кырсыктын кесепетин жоюу иштерин ыкчам жүргүзүүнү талап кылды. (RK)

XS
SM
MD
LG