«Ысык-Көл» биосфералык аймагы» уюму көлдүн жээгин жана түбүн тазалоо иштерин жүргүзүүдө.
«Таза Ысык-Көл» коомдук фондунун өкүлдөрү менен бирге уюштурулган соңку акциянын алкагында Бостери айылындагы көл жээги тазаланды.
Уюштуруучулардан айтымында, бул күнү көлдүн түбүн тазалаганда 15 мүшөк таштанды чыкты. Мындан тышкары жээктеги кумдун үстүнөн дагы 16 кап акыр-чикир чогулду.
Иш-чарага экология жаатында алектенген өкмөттүк эмес уюмдар да катышты.
Ысык-Көлдө сууга түшүү сезону май айында башталып, күзүндө суук түшкөндө жыйынтыкталат.
Туризм департаментинин маалыматына караганда, быйыл биринчи жарым жылдыкта көлгө 145 миң турист келип эс алган, алардын 75% кыргызстандыктар. (RK)