Пакистандын премьер-министри Имран Хан шииттер башкарган Иранга иш сапары менен жөнөп жатат, андан соң ал сунниттер үстөмдүк кылган Сауд Арабиясына барат. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Буга чейин расмий Исламабад аймактагы бири-бири менен касташып жаткан бул эки өлкөнүн ортосундагы сүйлөшүүлөргө ортомчу болушу ыктымал экени кабарланган.
Өткөн айда Перс булуңунда саудиялык мунай танкерлерине урулган оор соккулардан кийин АКШнын президенти Дональд Трамп Пакистандын өкмөт башчысын аймактагы чыңалууну басаңдатуу аракетин көрүүгө чакырган.
Вашингтон, Эр-Рияд жана Батыш өлкөлөрү бул кол салуулар үчүн Иранды айыптап келишет. Расмий Тегеран мындай дооматтарды четке кагууда.
Бир нече күн мурда Пакистандын тышкы иштер министри Шах Мехмуд Куреши «Сауд Арабиясы - биздин стратегиялык өнөктөшүбүз, ал эми Иран – коңшубуз жана досубуз» деп билдирген. (RK)