Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:50

Ири пара үчүн соттолгон мурдагы жетекчинин жаза мөөнөтү кыскарды


Азимкан Жусубалиев.
Азимкан Жусубалиев.

Бишкек шаардык соту транспорт жана жолдор министринин мурдагы орун басары, коррупция үчүн соттолгон Азимкан Жусубалиевдин жаза мөөнөтүн 14 жылдан 12 жылга өзгөрттү. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна Жусубалиевди райондук сотто жактаган адвокат Жыргалбек Бабаев билдирди. Шаардык соттун ушундай өкүмү чыкканын «АКИпресс» агенттиги да маалымдады.

Быйыл июль айында Бишкектин Биринчи май райондук соту Жусубалиевди 14 жылга түрмөгө кескен. Сот ал «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган», «опузалап ири өлчөмдө пара алган» деп тапкан. Өкүмдө Жусубалиев автоунаа жолун куруу боюнча тендерде италиялык компаниянын кызыкчылыгын коргош үчүн акча талап кылганы жана аны кантип, кимдер аркылуу алганы тууралуу тергөөнүн жана сотто сурак бергендердин көрсөтмөсү келтирилген.

Жактоочу соттон аны актоону өтүнгөн.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалыматына караганда, Жусубалиев өлкө аймагындагы курулуп жаткан жол боюнча тендерге катышкан чет элдик компаниянын өкүлдөрүнөн пара катары 2018-жылы декабрда 50 миң доллар пара алды деп кармалган. (YK)

XS
SM
MD
LG