Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:42

Зайырбек Ажыматовдун «Жүрөктөгү бороон» жыйнагынын бет ачары болду


Зайырбек Ажыматовдун «Жүрөктөгү бороон» китебинин бет ачары.
Зайырбек Ажыматовдун «Жүрөктөгү бороон» китебинин бет ачары.

Бишкекте акын Зайырбек Ажыматовдун «Жүрөктөгү бороон» аттуу китебинин бет ачары болуп өттү. Ишеналы Арабаев атындагы университетте уюштурулган иш-чараны «Аксы жаштар биримдиги» коомдук фонду өз демилгеси менен уюштуруп, калемгерди конок катары чакырды.

Китептин бет ачарына КР Жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков, Жогорку Кеңештин депутаты Рада Туманбаева, акындар Шекербек Адылов, Мирлан Самыйкожо, Эрлан Жумагазиев, Рыскүл Изатова жана поэзия күйөрмандары катышты.

Кече Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин бүтүрүүчүлөрү койгон театралдык оюн менен башталып, обондуу ырлар, акындын чыгармачылыгы боюнча адабиятчылардын талкуусу менен коштолду.

Ыр жыйнагынын бет ачары алгач 13-сентябрда акын өзү окуган Ак-Жол айылындагы М.Сыдыков атындагы орто мектепте башталып, демилгелүү күйөрмандарынын аракети менен ар кандай чөйрөлөрдө уланып жатат.

«Жүрөктөгү бороон» китебинде негизинен өткөөл мезгилде автордун жүрөгүндө жүрүп келген жеке адамдык, жарандык сезимдери тууралуу сөз болот. 1000 нускада чыккан китептин көлөмү 15 басма табак.

Бул акындын төртүнчү китеби. Ага чейин Зайырбек Ажыматовдун «Жалгыздык» аттуу туңгуч китеби 1996-жылы жарык көргөн. Тогуз жылдан кийин экинчиси «Мелмил» деген ат менен, анан 2011-жылы «Нөлү көп жылдар» деген китеби басылып чыккан.

Зайырбек Ажыматов 1976-жылы 27-майда Аксы районунун Ак-Жол айылында төрөлгөн. 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Журналистикадагы эмгек жолун 1998-жылы «Асаба» гезитинен баштап, «Кыргыз Туусу», «Бишкек таймс» гезиттеринде, КТРКнын радио тармагында иштеген. Учурда «Азаттыктын» журналисти. (RK)

XS
SM
MD
LG