Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:36

Өзбекстанда нан кымбаттаганы турат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстанда нан кымбаттаганы жатат. «Азаттык» радиосунун өзбек кызматы жергиликтүү маалымат булактарына таянып жазганына караганда, буга буудайдын жана ундун баасы либералдашканы себеп болууда.

Бир килограмм ун 1400 сумдан (15 цент) 2000-2500 сумга (21-26 цент) чейин кымбатташы ыктымал.

Ошону менен катар колу жука жана көп балалуу үй-бүлөлөргө берилүүчү компенсациянын өлчөмү жогорулап, айына 50 миң сумга жетет (5,3 доллар).

Расмий маалыматка караганда, Өзбекстанда жөлөкпул алчулардын жалпы саны 1,6 миллион адам.

Буга чейин Өзбекстанда нан бир жыл мурда кымбаттаган. Ага чейин көптөгөн жылдар бою бир бөлкө нан 600-650 сум болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG