Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:55

АКШ: Северодвинскидеги жарылуу «Буревестникти» алып чыгуу учурунда болгон


Ненокстогу полигон. Жандоочтон тартылган сүрөт.
Ненокстогу полигон. Жандоочтон тартылган сүрөт.

Кошмо Штаттар Орусиянын Архангелск облусундагы жарылуу Ак деңиздин түбүнөн өзөктүк ракеталык түзүлүш жүктөлгөн «Буревестник» ракетасын алып чыгуу учурунда болгон деген бүтүмгө келди. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Бириккен Улуттар Уюмунун комитеттеринин биринде баяндама жасап жатып билдирди.

Буга чейин «Азаттыктын» орус кызматы да иликтөө жүргүзүп, ушундай тыянакка келген.

Жарылуудан радиация жайылып, бир нече адам каза болгон. Орус бийлиги жарылуу жаңы өзөктүк кыймылдаткыч сыналып жатканда болгонун кабарлаган.

Орусиянын глобалдык алыстыкка уча турган, континент аралык «Буревестник» аттуу канаттуу ракетасын НАТО уюму «SSC-X-9 Skyfall» деп атап келет. Алыс аймакка учуп жете турган бул ракета өзөктүк дүрмөт алып жүрүүгө ыңгайлашкан.

XS
SM
MD
LG