Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:49

Жапонияда тайфундан кеминде 18 киши мерт болду


Токио.
Токио.

Соңку маалыматтарга караганда, Жапонияда катуу тайфун кеминде 18 адамдын өмүрүн кыйды, дагы 13 адамдын дайыны табылбай жатат. Жаракат алгандардын саны 150гө чамалады.

Өлкөнүн коргонуу күчтөрү суу айрыкча көп каптаган Нагано префектурасында адамдарды куткаруу менен алек болуп жатат.

Жекшембиге караган түнү «Хагибис» тайфунунан улам темир жана автомобилдик жол, аба каттамы, электр энергиясы менен жабдуу иштери үзгүлтүккө учурап, айрым жерлерди суу каптаган.

Борбор шаар Токиодо бир аз бак-дарак кулагандан башка эч нерсе кыйраган жок. Убактылуу жабылган эки аэропорт жарым-жартылай иштей баштады.

«Хагибис» тайфунун жергиликтүү метеорологдор 1958-жылы 1200гө жакын адамдын өмүрүн кыйган «Ида» менен салыштырып жатышат.

Премьер-министр Синдзо Абэ бүгүн эртең менен министрлер кабинетинин чукул жыйынын өткөрүп, кырсыктын кесепетин жоюу иштерин ыкчам жүргүзүүнү талап кылды. (RK)

XS
SM
MD
LG