Кыргызстандагы эки атайын мектеп-интернатта жана бир балдар үйүндө жашаган тарбиялануучулардын көбү келерки эки жыл аралыгында кайрадан үй-бүлөсүнө кайтып, жакындарынын жанында жашоого мүмкүнчүлүк алышат. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна «Балдарды коргоочулар лигасы» уюмунун жетекчиси Назгүл Турдубекова билдирди.
Анын айтымында, былтыртан бери Красная Речка, Дмитриевка жана Военно-Антоновка айылдарында жайгашкан бул мекемелер боюнча мониторинг жүргүзүлгөн.
- Жыйынтыгында тарбиялануучулардын беш эле пайызы томолой жетим экени аныкталды. Калган 95% ата-энеси же атасы, апасы барлар, - деди ал.
Мониторинг жүргүзүүгө Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги, Европа Биримдигинин атайын долбоору жардам берди.
Бул мекемелерде учурда 370 бала тарбияланып жатат.
Өкмөттө интернат жана балдар үйлөрүн реформалоонун 2019-2021-жылдарга эсептелген планы бекитилген. (RK)