Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:34

Мэттис ИМдин коркунучу тууралуу эскертти


АКШнын мурдагы коргоо министри Жим Мэттис. Брюссел, 4-октябрь, 2018-жыл.
АКШнын мурдагы коргоо министри Жим Мэттис. Брюссел, 4-октябрь, 2018-жыл.

АКШнын мурдагы коргоо министри Жим Мэттис «Ислам мамлекети» экстремисттик уюм кайрадан жанданышы ыктымал экенин эскертти. Бир нече күн мурун президент Дональд Трамп Сириянын түндүк-чыгышындагы аскерлерди чыгарып кетүүнү чечкен.

12-октябрда NBC телеканалы Пентагондун мурунку башчысы менен интервьюнун үзүндүлөрүн тартуулады. Мэттис анда «ИМ кайра башын көтөрбөшү үчүн кысымды уланта бериш керек», – деп айтты. Маектин толук версиясы ушул жекшембиде чыгары жарыяланды.

Генерал министр кызматынан быйыл жыл башында президент менен пикир келишпестиктерден улам кеткен.

Трамптын күрд кошуундары баштаган «Сириянын Демократиялык күчтөрү» менен бирге жихадчыларга каршы күрөшүп келген аскерлерди башка жерлерге которуу тууралуу чечими сынга кабылып келатат. Президентти ал түгүл «күрд кошуундарына чыккынчылык кылды» деп күнөөлөшүүдө.

9-октябрда Түркия Сириянын түндүгүнө кирип барып, ал жактагы күрддөргө каршы операция баштаган. Анкара күрд кошуундарын террорчу деп атап келет жана аймактан сүрүп чыгарарын айтууда. Күрддөр көзөмөлдөгөн чөлкөмдө «Ислам мамлекети» терррордук уюмунун катарында согушуп келген 10 миңдей туткун кармалып келатат. Эксперттер түрктөр менен күрд аскерлеринин ортосунда салгылашуулар күчөсө, алар туш тушка качып кетишет деп кооптонушат.

XS
SM
MD
LG