Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу баштапкы соттук жыйын 14-октябрда башталат. Бул тууралуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.
Анын айтымында, сотко Атамбаевдин жеткирилер-жеткирилбеси белгисиз. 1мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 1-октябрда Биринчи май райондук сотундагы баштапкы жыйынга келүүдөн баш тарткан. Ошондон улам сот 14-октябрга жылдырылган.
11-октябрда сотко мурдагы башкы прокурорлор Аида Салянова менен Индира Жолдубаева келишкен. Салянова бул иш боюнча тергөөгө буга чейин айтып келген эле маалыматтарды айтып бергенин билдирген. Ал эми Жолдубаева журналисттердин суроолоруна жооп берген эмес.
Сергей Слесаревдин айтымында, бул иштин алкагында төрт адам айыпталуучу катары өтүп жатат. Алар: мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов.
Калган 14 адам тергөө менен кызматташууга кол койгону үчүн алардын макамы башка. Тергөө менен кызматташууга баргандардын арасында мурдагы башкы прокурорлор Аида Салянова, мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, экс-вице-премьер-министр Шамил Атаханов, ошол учурдагы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) башчысы, депутат Зарылбек Рысалиев, Батукаевди бошотуу жөнүндө чечим чыгарган судья Жапар Эрматов жана бир катар дарыгерлер бар.
Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги (ИИМ) быйыл бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген. (TSh)