Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:19

Бишкекте мэрди түз шайлоо боюнча демилге көтөрүлүүдө


«МувГрин» экологиялык коомдук уюмунун жетекчиси Мария Колесникова Бишкек шаарынын башчысын түз шайлоо боюнча демилгечи топ түзүлүп жатканын маалымдады. Ал бул тууралуу «Фейсбуктагы» баракчасына жазып, шаардыктарды демилгелүү топко кошулууга чакырууда.

Ал шаардагы маселелерди калаа башчысынан талап кылуу үчүн мэрди эл шайлашы керек деп эсептейт.

«Жакында Кыргызстанда Бишкек шаардык кеңешине шайлоо өтөт. Тургундар борбор калаанын алдынкы жылдардагы багытын аныктоочуларды тандашат. Соңку мезгилде бишкектиктер партиялардын шайлоо алдындагы убадаларын аткарбай жатканына күбө болушууда. Ал эми мэр болсо шаардыктар менен эсептешпейт. Ушундан улам, мэрди шаардыктардын түз шайлоосу боюнча демилге көтөрүлдү. Мэрлерди качан эл шайлаганда гана аларга түз баш ийет», деп жазат Колесникова.

2018-жылы 8-августта Бишкек шаардык кеңеши Азиз Суракматовду баш калаанын мэри кылып шайлаган. Кыргызстанда мэрлерди шаардык кеңештин депутаттары шайлашат. (TSh)

XS
SM
MD
LG