Бишкектеги Шубин атындагы музыкалык мектептин окуучусу Эсен Жыргалбеков Азербайжанда өткөн жаш вокалисттердин эл аралык конкурсунда 3-орунга татыды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, аталган конкурска 15тен ашык өлкөдөн жаш музыканттар катышкан.
11 жаштагы Эсен Токтогул Сатылгановдун «Алымкан» аттуу чыгармасын аткарган.
«Мугам» деген эл аралык конкурсту Азербайжандын Маданият министрлиги уюштуруп келет.