Майрамдык иш-чаралардын уюштуруучусу, Бишкекте каза болгон Егор Паньшиндин өлүмү боюнча сотко чейинки текшерүү башталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясы кабарлады. Маалыматка ылайык, 44 жаштагы Паньшиндин өлүмүнүн себебин аныктоо боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Егор Паньшиндин сөөгү 13-октябрда Бишкектин «Асанбай» кичирайонундагы сейил бактан табылган. Анын жакындары Паньшин эртең мененки сейилдөө маалында каза болгонун билдиришкен.
Бирок милиция ивент-менежер өз өмүрүнө кол салган деген версия каралып жатканын кабарлады.
Егор Паньшин Бишкек шаарын таанытуу боюнча ар кыл иш-чараларды уюштурганы менен таанымал болчу. (BkA)