Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:30

Зеленский орус ЖМКсынын «чырагына май тамызбоого» чакырды


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Мекенди коргоочулардын күнүнө карата «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу кайрылуу таратты. Анда укук коргоо органдарын ушул күнү тынч жыйынга чогулгандарды урматтоого, алардын коопсуздугун камсыз кылууга чакырды. Ал ошондой эле акциянын катышуучуларына кайрылып, «орус телеканалдарынын табасын кандырып, чырагына май тамызуу» максатында уюштурулушу мүмкүн деген чагымга алдырбоого чакырды.

Ички иштер министрлиги 14-октябрда өлкө боюнча 300дөй иш-чара өтөрүн, Киевде ардагерлер, улутчулдар жана ыктыярчылардан турган топтор беш башка акция өткөрүшөрү боюнча кайрылганын маалымдаган.

2014-жылы ошол кездеги президент Петр Порошенко Украинада 23-февралда Мекенди коргоочулардын күнүн белгилөөгө тыюу салган. Анын буйругуна ылайык, 2015-жылдан тартып Киев Мекен коргоочулар күнүн мамлекеттик майрам катары 14-октябрда белгилеп келет.

XS
SM
MD
LG