Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:15

Польшада парламенттик шайлоодо башкаруучу партия утту


Ярослав Качинский.
Ярослав Качинский.

Польшада 13-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун болжолдуу жыйынтыгына ылайык, Ярослав Качинскийдин «Укук жана акыйкат» улутчул-консервативдик партиясы 45 пайыздан ашык добуш алды.

Оппозициялык, борборчул «Жарандык коалиция» партиясын шайлоочулардын 26 пайыздан көбү колдоду.

Анын курамындагы оппозициялык ири партия «Жарандык платформа» өлкөнү 2007-2015-жылдары башкарган. Бул партияны адатта бийликке нааразы шаардыктар колдойт.

Шайлоодо «Солчулдар күчү» 12, дыйкандардын «Кукиз-15» партиясы 8,8, ал эми ашынган оңчулдардын «Конфедерациясы» 6,7 пайыз добуш алды.

«Укук жана акыйкат» партиясы салык түйшүгүн азайтууну, калктын колу жука катмарын коргоо тууралуу убада берген. Ошондой эле жыныстык азчылык идеологиясы (ЛГБТ) жаштарга терс таасирин тийгизет деп эсептейт.

Башкаруучу партиянын саясий атаандаштары болсо аларды Польшадагы «демократиялык баалуулуктарга каршы иш жүргүзөт, соттордун көз каранды эместигине жана сөз эркиндигине доо келтирет» деп күнөөлөп келет.

Буга чейинки шайлоодо Ярослав Качинскийдин партиясы 37,6 пайызы добуш алган болчу.

Польша парламентинин төмөнкү палатасы Сеймде 460 мандат бар, ал эми жогорку палатасы Сенат 100 депутаттан турат.

XS
SM
MD
LG