Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:27

АКШ Сириянын түндүгүндөгү жоокерлерин коопсуз жайга которот


Түркия Сириянын түндүгүндөгү күрд кошуундарына каршы 9-октябрда жортуул баштаган.
Түркия Сириянын түндүгүндөгү күрд кошуундарына каршы 9-октябрда жортуул баштаган.

АКШ Сириянын түндүгүндөгү миң жоокерин эвакуциялап, коопсуз жайга жайгаштырганы жатат. Анын алдында Франция бул аймактагы аскерлери менен жарандарынын коопсуздугун камсыз кылыш үчүн чукул чара көрөрүн айткан.

Аталган аймактагы күрд кошуундарына каршы Түркия 9-октябрда жортуул баштаган. Анкара аскердик операциясынын башкы максаты өзүнүн чек арасында «коопсуз аймак» түзүү аракети катары түшүндүрүп жатат.

Ал арада сириялык күрддөрдүн күчтөрү түрк жоокерлеринин чабуулунун мизин кайтаруу боюнча расмий Дамаск менен макулдашканын билдиришти жана Сирия өкмөтүнүн аскерлери 14-октябрда Тел Тамер шаарына келип жайгаша баштаганы белгилүү болду.

АКШнын коргоо министри Марк Эспер Анкаранын аскердик операциясы башында белгиленген аймактан да сырткары жайылышы ыктымал экенин эскертти.

Сириянын түндүгүндөгү Айн-Исса шаарындагы тергөө абактарында отурган «Ислам мамлекети» террордук уюмунун 700дөй жоочусу тос-тополоңдон пайдаланып качып кеткени белгилүү болду.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча жортуул башталгандар бери ондогон адам өлүп, 130 миңден ашуун адам там-ташын таштай качты.

Эл аралык коомчулукта Анкараны айыптагандар көбөйдү жана айрым Европа мамлекеттеринде Түрияны ооздуктоого чакырган нааразылык акциялары өттү.

XS
SM
MD
LG