Испаниянын Жогорку соту каталониялык жикчилдердин тогуз лидерин тогуз жылдан 13 жылга чейинки мөөнөттөргө эркинен ажыратты.
Сот аларды Каталониянын эгемендиги боюнча 2017-жылы өткөн референдумда «элди өкмөткө каршы тукурганы үчүн» күнөөлүү деп тапты.
Бул айыптан сырткары «мамлекеттик каражатты туура эмес пайдаланган» деген айып коюлган Каталониянын мурдагы вице-президенти Ориол Жункерас эң узак мөөнөткө же 13 жылга кесилди. Үч соттолуучуга бийликке баш ийбегени үчүн айып пул салынды. 12 соттолуучунун баары айыптарды четке кагышкан.
Референдумдан кийин өлкөдөн чыгып кеткен Каталониянын мурдагы аймактык жетекчиси Карлес Пучтдемон сот өкүмүн «ырайымсыздык» деп атады.
Сот чечимине каршы Барселона менен Каталонияда нааразылык акциялары башталды. Испан бийлиги бул аймакка кошумча полиция күчтөрүн жөнөттү.
Эки жыл мурдагы референдумда добуш бергендердин көбү аймактын Испаниядан бөлүнүшүн жакташкан. Бирок Мадрид бул жыйынтыкты тааныган эмес.