Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:22

Курсан Асановдун үй камагындагы мөөнөтү узартылды


Курсан Асанов.
Курсан Асанов.

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун үй камагындагы мөөнөтү 23-декабрга чейин узартылды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алганын Асановдун адвокаты Таалайгүл Токтакунова билдирди. Анын айтымында, Асановдун иши боюнча тергөө жүрүп жатат. Бирок учурда генерал суракка чакырыла элек.

Курсан Асанов «7-8-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында милициянын кызыкчылыгын сатты жана ишеничтен кетти» деген жүйө менен кызматтан алынган.

Кийин Асановго карата Жазык кодексинин 320-беренесинин («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») негизинде кылмыш иши козголгон. Ишти Аскер прокуратурасы тергеп жатат.

27-августта Асановдун 22 жаштагы уулу Мухаммед-Али Асановго издөө жарыяланган.

Башкы прокуратура тараткан маалыматка караганда, Асанов 8-август күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнөн алып чыккан далил буюмдарды жана кылмыш ишин тергөөдө керек болгон маанилүү документтерди жан сакчысы Дамирбек Пайзылда уулу аркылуу баласына берген. Далил буюмдар андан ары Атамбаевдин тарапкерлерине жеткириш үчүн берилгени айтылат. Бул иштин алкагында жардамчысы Дамирбек Пайзылда уулу камакка алынган.

Асанов өзүнө коюлган дооматты четке кагып, жеке кызыкчылыгын эч качан мамлекеттик кызыкчылыктан жогору койбой турганын айткан. (BkA)

XS
SM
MD
LG