Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:17

Сот «Тажикстан улуттук альянсын» экстремисттик уюм деп тапты


Бозгундагы тажик оппозициячыл саясатчылары.
Бозгундагы тажик оппозициячыл саясатчылары.

Тажикстанда Жогорку сот «Тажикстан улуттук альянсын» экстремисттик жана террордук уюмга теңеген өкүм чыгарды.

Бул уюмду былтыр негизинен ушул тушта чет өлкөдө бозгунда жүргөн тажик оппозициячыл саясатчылар түзгөн жана курамында өлкөдө тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясы, «Эркин ой жүгүрткөндөрдүн Конгресси», «Тажикстандагы реформа жана өнүгүү» жана «Борбор Азия мигранттарынын конгресси» деген уюмдар бар.

«Тажикстан улуттук альянсына» байланыштуу Жогорку сотко быйыл август айында Башкы прокуратура кайрылган жана анда бирикменин ишмердигине тыюу салуу өтүнүчү болгон.

Соттун чечимине ылайык, бирикменин расмий сайты жабылат жана аларга тиешелүү маалыматтык жана башка материалдарды өлкөгө алып келгенге болбойт.

Аталган альянска кирген «Тажикстандагы реформа жана өнүгүү» кыймылынын башчысы Шарофиддин Гадоев «Азаттыктын» тажик кызматына берген комментарийинде Жогорку соттун чечимин «негизсиз» деп атады жана тажик бийлигин анын саясатын нааразы болгондордун баарын экстремисттик топко кошуп жатканын сынга алды.

Тажикстандын Ислам кайра жаралуу партиясынын ишмердигине 2015-жылы тыюу салынган жана соттун чечими менен террордук топ деп табылган. Партиянын бир катар лидерлери жана мүчөлөрү камакка алынып, соттолгон. Айрымдары чет өлкөгө баш калка издеп кетүүгө аргасыз болгон.

XS
SM
MD
LG