Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:48

«Москва иши» боюнча дагы төрт адам кармалды


Быйыл жайында Москвада миңдеген киши нааразылык акцияга чыккан. 27-июль, 2019-жыл.
Быйыл жайында Москвада миңдеген киши нааразылык акцияга чыккан. 27-июль, 2019-жыл.

Орусиянын Тергөө комитети быйыл жайында Москва шаарындагы нааразылык акцияларына байланыштуу козголгон кылмыш иштеринин алкагында төрт адам камакка алынганын ырастады. Егор Лесных, Максим Мартинцов, Андрей Баршай жана Владимир Емельянов «бийлик өкүлдүнө күч колдонгон» деп шек саналып жатат. Тергөө комитети «Москва иши» боюнча дагы эки адамга издөө жарыяланганын маалымдады.

Буга чейин ушундай эле айып менен беш киши камакка алынган, алардын төртөө эркинен ажыратылып, актёр Павел Устинов шарттуу түрдө кесилген.

Быйыл жайында Москвада шаардык кеңешке катталбай калган оппозициячыл жана өз алдынча талапкерлерди колдогон нааразылык акциялары өткөн. Полиция көчөгө чыккандарды күч менен тараткан жана жүздөгөн киши камакка алынган. «Калайман баш аламандык уюштурду» деген айып менен ондогон административдик жана кылмыш иштери козголуп, ири өлчөмдө айып пул салынган.

Эл аралык коомчулук орус бийлигин тынч жыйынга чогулгандарга ашкере күч колдонгону үчүн айыптаган.

XS
SM
MD
LG