Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:25

Владимир Путин Сауд Арабиясына барды


Дүйшөмбү күнү Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Мохаммед бин Салман Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Бул тууралуу жергиликтүү SPA агенттиги билдирди.

Жолугушууда лидерлер эки өлкө ортосундагы мамилелерди, Сирия менен Йемендеги абалды, ошондой эле терроризмге каршы күрөш маселелерин талкуулашты.

Путин Сауд Арабиясына 14-октябрда барган. Кремлдин маалыматына караганда, сапардын алкагында Путин мунай боюнча келишимге кол коюуга жана Орусияга инвестиция тартууга аракет кылат. Батыш ЖМКлары белгилегендей, Москва экономикалык санкциялардан улам буга чейин ички дүң өнүмүн 3% көтөрүү дымагын ишке ашыра албай калган.

Эр-Риядга барарда Путин «Al Arabiya», «Sky News Arabia» жана «RT Arabic» телеканалдарына интервью берип, Саудиянын падышасы жана канзаадасы менен жакшы мамиледе экенин билдирген.

Путиндин Бириккен Араб Эмираттарына барышы 15-октябрга белгиленген.

XS
SM
MD
LG