Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркия мамлекетинин президентинин алдындагы дин иштери боюнча башкармалыктын төрагасы Али Эрбаш менен жолуккан учурда Түркиядан Кыргызстандагы «Ыйман» фондусу үчүн 5 млн. АКШ долларын сурады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Бул каражат «Ыйман» фондунун 2019-2022-жылдары Кыргызстандагы диний кырдаалды изилдөө, медреседеги диний билим берүүнү реформалоо боюнча долбоорлорго бөлүнүүчү түрк грантынын экинчи траншы болуп эсептелет.
Элчи Кубанычбек Өмүралиевдин маалыматында, 2015-2019-жылдарга түрк тараптан бөлүнгөн 5 млн. доллар имамдарды окутууга, алардын билими менен дараметин көтөрүүгө, стипендияларга, Insan.KG аттуу маалыматтык порталды түзүү сыяктуу долбоорлорго кеткен.
Өмүралиев менен Али Эрбаш 10-октябрда жолугушкан. Анда Али Эрбаш элчи сураган каражат Түркиянын Тышкы иштер министрлиги менен кеңешип жана президент бекиткенден кийин чечилерин белгилеген.
«Ыйман» фонду 2014-жылдын башында, ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен мамлекеттин дин саясатын жүргүзүүгө көмөк көрсөтө турган уюм катары уюшулуп, имамдарга колдоо көрсөтүү максатында стипендия бериле баштаган. (TSh)