КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү, президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын төрагасына жана мүчөлөрүнө ачык кат жазды.
КСДП тараткан Ниязовдун кайрылуусунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча мыйзамсыз операция жүргүзгөнү, ага буйрук берген күч органдарынын жетекчилери жоопко тартылбай жатканы айтылат.
Ал Атамбаевдин тарапташтары УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкерлерин сактап калышканын жана анын үйүнөн чыга албай калган «Альфанын» алты жоокерин УКМК алып кетпей койгонун жазган. Ошондой эле Атамбаев кырдаалдан тынчтык жолу менен чыгууну көздөгөнүн кошумчалаган.
Каттын автору Кой-Таш окуясы боюнча айрым гана суроолорго жооп бергенин, эгерде муктаждык болсо комиссиянын жыйынында да жооп берүүгө даяр экенин билдирген. Ниязов 7-8-августта Кой-Таштагы башаламандыкты уюштурууга байланыштуу камакка алынган.
7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери полковник Үсөнбек Ниязбеков курман болуп, ар түрдүү жаракат алган 175 адам ооруканага кайрылган.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 29-августта Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссияны түзгөн. Аны вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетектейт. Комиссияга Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана эксперттер кирген. (BTo)