Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:06

Ошто Кадыр Досонов бараткан машине жол эрежесине баш ийбей кармалды


Ош. Кадыр Досонов бараткан автоунааны кармоо учуру. 15-октябрь, 2019-жыл.
Ош. Кадыр Досонов бараткан автоунааны кармоо учуру. 15-октябрь, 2019-жыл.

Ошто «Женго» деген каймана ат менен белгилүү кримтөбөл Кадыр Досоновду күч кызматкерлери кармашты. Бул тууралуу окуяга күбө болгон «Азаттыктын» Оштогу кабарчысы билдирди. Ал жөнөткөн сүрөт, видеодон күч органдарынын беткапчан кызматкерлери Досоновду жана дагы бир кишини автоунаага салып кетип баратканын көрүүгө болот.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев «Азаттыкка» Досонов кармалганын тастыктады. Анын маалыматына караганда, Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жана ыкчам иликтөө тобунун кызматкерлери чогуу рейд өткөрүп жатышат.

Анын алкагында номуру жок автоунаа токтотулган. Бирок айдоочусу баш ийбей кетип калгандыктан, күч кызматкерлери машинени артынан кууп барып токтотушкан. Анда Досонов баратканы белгилүү болгон. Облустук милиция кошумча маалымат берилерин кабарлады.

Досонов мындан бир нече жыл мурда Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштарга каршы күрөш боюнча башкармалыгынын Оштогу бөлүмүнүн башчысы полковник Толкунбек Шоноевди өлтүрүүгө буйрук берген деп айыпталган болчу.

2013-жылдын 11-январында «ДЭУ-Нексия» үлгүсүндөгү автоунаанын ичинде отурган Шоноевди үйүнүн жанынан атып кетишкен. Бул кылмыш ишине байланыштуу Кадыр Досонов 2015-жылдын 6-февралында кармалган.

Досонов өзү мындай айыптоолорду четке каккан. Ал 2017-жылы Жогорку соттон толук акталып чыккан. (MdN/ErN)

XS
SM
MD
LG