Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:38

Трамп Эрдоганды Сирияга чабуулун токтотууга чакырды


Сирия өкмөтүнүн аскерлери Тел Тамер шаарында. 14-октябрь, 2019-жыл.
Сирия өкмөтүнүн аскерлери Тел Тамер шаарында. 14-октябрь, 2019-жыл.

Вице-президент Майк Пенстин маалымдаганы боюнча, президент Трамп мындай талабын Түркиянын мамлекет башчысы Рэжеп Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда билдирген. Пенстин сөзүнө караганда, Трамп сүйлөшүү учурунда кырдаалды жөнгө салуу максатында жакында аймакка барарын билдирген.

- Америка Кошмо Штаттары Түркиянын Сирияга кол салуусун четте карап тура албайт. Биз Түркияны зомбулукту токтотуп, кеп-сөзгө келүүгө чакырабыз, - деди Пенс журналисттерге.

АКШ Сириянын түндүгүндөгү куралдуу операцияларга байланыштуу Түркияга каршы санкция киргизген. Трамп түркиялык бир канча атка минер «кара тизмеге» киргизилерин, эки тараптын 100 млрд долларлык соода келишими боюнча сүйлөшүүлөр уланбасын жана Түркиядан импорттолчу болотко бажы төлөмдөрүн 50 пайызга көтөрөрүн билдирген.

«Эгер түрк лидерлери Сириянын түндүк-чыгышындагы согушту токтотпосо, мен Түркиянын экономикасын санкциялар аркылуу тез эле алсырата алам», деп билдирген президент Трамп.

АКШнын президенти 14-октябрда «Твиттердеги» баракчасында Сириянын түндүгүндөгү америкалык аскерлерди чыгарып кетүү тууралуу чечимин кайталап жазып, Кошмо Штаттары Сириядагы милдетин аткарганын жана сириялыктарды түрктөрдөн коргобой турганын билдирди.

Түркия жана анын өнөктөштөрү Сириянын түндүгүндөгү күрд кошуундарына 9-октябрда чабуул коё баштаган. Анкара анын аскердик операцияларынын башкы максаты чек арасында «коопсуз аймак түзүү», ал аймакты өзү террордук топко теңеген күрд кошуундарынан арылтуу экенин билдирген.

Ал арада сириялык күрддөрдүн күчтөрү түрк жоокерлеринин чабуулунун мизин кайтаруу боюнча расмий Дамаск менен макулдашканын билдиришти жана Сирия өкмөтүнүн аскерлери 14-октябрда Тел Тамер шаарына келип жайгаша баштаганы белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG