Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:15

Өзбекстандын Сырдарыя облусундагы пахтазарда эки аскер каза тапты


Өзбекстандагы пахта терим.
Өзбекстандагы пахта терим.

Арыкта уктап жаткан жоокерлерди пахта ташып бараткан трактор тебелеп кеткенин «Азаттыктын» өзбек кызматы кабарлады. 20 жаштардагы эки жоокер Фергана облусунда аскердик кызматын өтөп жаткан жеринен коңшу аймактагы пахта теримге көмөктөшүүгө жөнөтүлгөн. Өзбекстандык укук коргоо альянсы билдиргендей, 13-октябрда болгон окуяны Сырдарыя облусунун милициясы иликтеп жатат.

Жергиликтүү укук коргоочулар аскердик кызматтын пахта терим менен байланышы жок экенин белгилеп, бийликти бул окуяны жакшылап иликтөөгө чакырышты.

Өзбекстандын көпчүлүк райондорунда пахта терим сентябрь айында башталган. Өзбек бийлиги жарандарды пахта терүүгө мажбурлабаганын билдиргени менен мамлекеттик кызматкерлер пахта талаасына күчтөп жөнөтүлүп жатканы тууралуу кабарлар токтой элек. Жергиликтүү бийлик кызматкерлерден «пахта теримге өз ыктыяры менен катышып жатканы» тууралуу тил кат алып жатканын «Азаттыктын» өзбек кызматынын булактары ырасташты.

XS
SM
MD
LG