Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:32

ИИМ Асановдун иши боюнча тергөөгө басым кылбаганын билдирди


Курсан Асанов.
Курсан Асанов.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Курсан Асановдун жактоочусу Икрамидин Айткуловдун ИИМдин жетекчилиги Асановдун иши боюнча тергөөгө басым кылып жатканы тууралуу сөзүн четке какты.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта Курсан Асановдун иши боюнча иликтөөнү башынан эле Аскер прокуратурасы жүргүзүп жаткандыктан ИИМ тергөөгө басым кылганы тууралуу сөз да болушу мүмкүн эмес экени айтылат.

Ошондой эле министрлик аталган иш боюнча эч кандай иликтөөлөрдү жүргүзбөгөнү жана Асановго шек саналып жатканы жөнүндө маалымдаманы да Аскер прокуратурасы тапшырганы белгиленген.

Буга чейин Курсан Асановдун жактоочусу Икрамидин Айткулов vesti.kg сайтына ИИМдин башчылары тергөөгө басым кылып жатканын айткан.

Курсан Асанов «7-8-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында милициянын кызыкчылыгын сатты жана ишеничтен кетти» деген жүйө менен кызматтан алынган.

Кийин Асановго карата Жазык кодексинин 320-беренесинин («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») негизинде кылмыш иши козголгон. Ишти Аскер прокуратурасы тергеп жатат.

27-августта Асановдун 22 жаштагы уулу Мухаммед-Али Асановго издөө жарыяланган.

Башкы прокуратура тараткан маалыматка караганда, Асанов 8-август күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнөн алып чыккан далил буюмдарды жана кылмыш ишин тергөөдө керек болгон маанилүү документтерди жан сакчысы Дамирбек Пайзылда уулу аркылуу баласына берген. Далил буюмдар андан ары Атамбаевдин тарапкерлерине жеткириш үчүн берилгени айтылат. Бул иштин алкагында жардамчысы Дамирбек Пайзылда уулу камакка алынган.

Асанов өзүнө коюлган дооматты четке кагып, жеке кызыкчылыгын эч качан мамлекеттик кызыкчылыктан жогору койбой турганын айткан. (BTo)

XS
SM
MD
LG