Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:40

Орусия менен Сауд Арабиясы млрд. долларлык келишимдерге кол коюшту


Владимир Путин Эр-Рияддагы сапарында.
Владимир Путин Эр-Рияддагы сапарында.

Орусиянын президенти Владимир Путин Эр-Риядда Саудиянын падышасы Салман менен жолугуп, сүйлөштү. Алар аэрокосмикалык өнөр жайы, маданият, саламаттык сактоо жана жогорку технологиялар жаатында эки өлкөнүн ортосунда бир нече млрд. долларлык келишимдерге кол коюшту. Бул тууралуу AFP агенттиги жазды.

Саудиянын энергетика министри Абдулазиз бин Салмандын маалыматына караганда, келишимдерде «ОПЕК өлкөлөрүнүн кызматташтыгын бекемдөө тууралуу» да макулдашуу бар. Орусия ОПЕКке мүчө эмес, бирок уюм менен тыгыз кызматташкан ири мунай экспортёру.

Орус президенти Владимир Путин жолугушууда «Саудия менен достук жана кызматташтык мамилени өнүктүрүү биринчи орунда» экенин айткан.

Ал эми ханзаада Мухаммед бин Салман менен жолугушууда Путин маалымдагандай, Сауд Арабиясынын коомдук фонду биргелешкен долбоорлорго жана Орусияга инвестиция катары 10 млрд. доллар бөлүп берген.

83 жаштагы падыша Салман Эр-Рияд Москва менен «коопсуздук, туруктуулук, тынчтык орнотуучу жана экстремизмге, терроризмге каршы туруучу, экономикалык өсүштү камсыз кылуучу бардык долбоорлордо кызматташууга кызыкчылыгы бар» экендигин билдирген.

XS
SM
MD
LG